Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев “Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду соода-сатык менен иштегендерге насыя береби” деп аталган фонддун жетекчиси Кубанычбек Кулматовго суроо берди.
Өз кезинде Кулматов соода-сатык менен алектенгендерге насыя берилбей турганын айтты.
Бекешев келишимдерде насыя бериле турганы жазылганын билдирди. Кулматов соода борборлорун курганга каражат бериле турганын айтып, бирок соода жүгүрткөнгө акча берилбей турганын түшүндүрдү.
Учурда аталган комитетте Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун өлкөнүн айыл-чарба тармагына багытталган ишмердүүлүгү талкууланып жатат. Анда фонддун кеӊешиндеги Өкмөт мүчөлөрүнүн маалыматы угулду. Фонддун жетекчиси Кубанычбек Кулматов депутаттардын суроосуна жооп берүүдө.