2016-жылы ЕврАзЭС өлкөлөрүнөн 40 пайыз инвестиция тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде парламентте Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Ал билдиргендей, 2016-жылы өлкөнүн экономикалык өсүүсү 3,8 пайызды түздү. Экспорттун көлөмү 5,1 пайызга көбөйгөн. Былтыр ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагына болгон экспорттун көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу ВСП+ макамынын негизинде 72,3 миллион АКШ долларына көбөйгөнүн билдирди.
Мындан тышкары ал 2017-жылдын башында Кыргыз мамлекетинде интернет колдонуучуларынын саны 5 миллион 240 миң 750гө жеткенин билдирди. 2015-жылы болсо 4 миллион 754 миң 601 адам интернет колдонгонун айтты. Ошондо 10,2 пайызга көп болгонун кошумчалады.
Жыйынтыгында аталган комитеттин депутаттары өкмөттүн 2016-жылдагы ишин канааттандырарлык деп баалады.