Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Бишкектеги таштандыларды тазалоо системин жакшыртуу үчүн 22 миллион евро бөлөт. Бирок банк негизги талап катары борбодогу таштандыларды алып чыгуу үчүн болгон төлөмдөрдү 50 пайызга жогорулатууну коёт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Мурат Исмаилов бүгүн, 8-майда Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйынында билдирди. Анын айтымында, тургундардын таштанды үчүн төлөмдөрү мэрия менен аталган банктын ортосунда каржылык келишимге кол коюлгандан кийин 6 айдын ичинде көтөрүлөт. Учурда таштанды алып чыгуунун 1 айлык баасы юридикалык жактарга жана чарбалык мекемелерге 1 метр куб үчүн 150 сомду түзөт. Ал эми ар бир жарандан 15 сом, пенсионерлерден 4 сомдон алынат.