20-апрелге караган түнү болжол менен саат 5:00дө Жердин жанынан планетага коркунуч жаратуучу 2014 JO25 астероиди учуп өтөрү божомолдонууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде чет элдик басылмалар "Slooh" обсерваториясынын маалыматына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, астероид акыркы 400 жылдын ичиндеги жерге максималдуу жакын - 1,77 миллион чакырым аралыкта учуп өтөт. Ошондой эле аталган астероид биздин планета үчүн жашоого коркунучтуу объектилердин катарына кирет.
Бирок астрономдордун айтымында, бул жолку астероиддин Жерге жакындашына анчалык кооптонуунун кажети жок. Болгону астероиддин бөлүкчөлөрү Жер планетасынын атмосферасына "космос таштандысы" катары таасирин тийгизиши мүмкүн дешет.
Үстүнкү бөлүгү жалтырак, болжол менен бир жарым чакырымдык астероид Жерге жакындаган учурда телескоп менен көрүүгө болот. Ошондой эле ал рекорддук жогорку ылдамдыкта, секундасына 33 чакырым же саатына 120 миң чакырым менен учары айтылууда.