АКШда полиция кызматкерлери кескелдирикти жумушка алышты. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарда кескелдириктердин сакалдуу агама түркүмүнө кирген жандык 14-апрелде ант берип, төш белги алганы айтылат. Ал Аризона департаментине баӊги заттарынын кээ бир түрүн жытынан таанып билүү үчүн алынып келинген.
Эксперттердин айтымында, аларда жыт билүү сезими жакшы өнүккөн. Андыктан шектүү заттарды табууда иттерге караганда көбүрөөк жардам бериши мүмкүн.