ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча бөлүм башчысы, полковник Толкунбек Шоноевдин өлүмүнө байланыштуу сот процесси 10-майда уланат. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирет. Сот отуруму Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунда болот. Эске сала кетсек, 11-январда Толкунбек Шоноевди атып кетишкен. 35 жаштагы полковниктин 9 жерине ок тийип, окуя болгон жерден каза болгон.