Индияда токойдо маймылдар тарбиялаган кыздын ата-энеси табылды

Индияда мындан бир жылга жакын убакыт мурун жоголуп кеткен 10 жаштагы Ализа аттуу кыз ата-энеси менен табышты. Чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 18-апрелде маалымдагандай, бул убакыт аралыгында кызды маймылдар багып келген.

Токойдо маймылдар менен жашаган кыз сүйлөгөндү унуткан, эки буттап баспай, эки колун кошо жерге коюп, төрт аяктап басып калган. Кыздын 45 жаштагы атасы Рамзан Али Шах менен 35 жаштагы апасы Назма кызы алар менен чогуу базарда жүргөн кезде качып кеткен боюнча дайынсыз болуп келгенин белгилешет.

Алар кызынын табылгандыгы тууралуу гезиттен окуп билишкен.

"Биз көргөн көзүбүзгө ишенбей жаттык, базардагы тыгында бизден качып кеткен боюнча Ализаны таба албай калдык. Аны издеп-табууга жергиликтүү полиция жетишерлик деңгээлде көңүл бурган жок", - дейт атасы.

Анын айтымында, Ализа психикалык жактан жабыркайт, жоголгон күнү ата-энеси базардан ага дары алып жатышкан. Эми Шах жана анын жубайы табылган кыз чын эле Ализа экенин тактоо үчүн канын текшертүүнү көздөөдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
gulmira12345
2017-04-18 18:54:45
тооба 1 жылдале тааныбай калдывы
+3
meni_kut
2017-04-18 19:35:50
токойго кандай кирип кетти экен...ачка калбай бир жыл жашаганын
+4
zhykyo
2017-04-18 20:04:25
Ммм ойлонуп кеттим дагы жакшы бизде маймылдар жок маймылдар бизде жашаса ?
+4
Soni130587
2017-04-18 21:39:09
Озунун кызын кантип таныбайт 10жылдап жоголгондорду таанып атпайбы
+2
Mashyrbek
2017-04-19 09:56:26
Табылганы жакшы болуптур эми базарга этият болуп чыккыла качырып жибербегиле
+1
aibars
2017-04-19 17:24:33
Майиылдарга Рахмат, бир жыл багып беришкенине.
0
Nukeww
2017-04-23 22:54:15
тообо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан