ЖЫЛНААМА, 19-АПРЕЛЬ: 97 жыл мурун Кыргыз ССРинин Эл акыны Тенти Адышева төрөлгөн

Мындан 97 жыл мурун, 1920-жылы 19-апрелде Кыргыз ССРинин Эл акыны Тенти Адышева Тоң районунун Күн-Чыгыш айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Чыгармаларында акын Ата Мекен, туулган жер, мезгил, өмүр сыяктуу темаларга кайрылып, өз учурундагы коомдук-саясий турмуш окуяларына үн кошуп турган. Эски жана жаңы заманды, элдин турмушунда болуп жаткан өзгөрүүлөрдү көбүнесе кыз-келиндердин тагдырлары аркылуу чагылдырган. Патриархалдык коомдун шартында кыргыз аялдары нечен кылымдар бою эзилген абалда өмүр өткөрүп келишкен. Алардын эркиндикке чыгып, тең укуктуулукка жетишине, адамдык жана аялдык бактыга ээ болушуна Октябрь революциясы жол ачкан.

Айылдык мектепти толук бүтө электе, 1931-жылы Фрунзедеги медициналык техникумдан окуй баштайт. Окуунун отличниги катары комсомолдун Х съездине делегат болуп шайланып, Москвага барган. Техникумду бүткөндөн кийин 1938-жылы Лениндик коммунисттик жаштар союзунун Борбордук комитетинин катчылыгына дайындалган. Андан бир нече жылдан кийин Фрунзе шаардык Биринчи Май райондук Аткаруу комитетинин төрайымы, "Кыргызстан аялдары" журналынын партиялык бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Ушул жылдар аралыгында Кыргыз мамлекеттик университетинин тил жана адабият факультетин сырттан окуп бүтүргөн. 1956-1979-жылдары автордук укукту коргоо боюнча Бүткүл союздук агенттиктин кыргыз бөлүмүнө жетекчилик кылып, пенсияга чыккан.
Тенти Адышеванын "Заманам", "Жарык дүйнө", "Ак пейил адамдар үчүн", "Ой толгоо", "Менин күнүм", "Тандамалар" аттуу поэтикалык китептери окурмандарга таанымал болгон. Ошондой эле "Жаңылдын элеси", "Өмүр жолу", "Жүрөктөгү так" сыяктуу поэмалары жогорку баага татыган. Акындын мындан сырткары "Кеткендердин айылында", "Адам кызык", "Токто, десем", "Ойнобо", "Алтымыштан ашкандарга", "Ысык-Көл", "Көк жайык", "Сары-Челек", "Эне-жер" деген чыгармалары бар.
Кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги үчүн Тенти Адышева "Ардак белгиси" ордени, "Эмгектеги каармандыгы үчүн", "Владимир Ильич Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына" медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку советинин грамоталары менен сыйланган. Ошондой эле ага "Кыргыз ССРинин Эл акыны" деген ардактуу наамы ыйгарылган. Акын 1984-жылы Бишкек шаарында көз жумган.

19-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан