7-май күнү болжол менен саат 21:50дө Кара-Балта шаарындагы мончонун меши жарылып кетип, 6 жаштагы А.К. менен 4 жаштагы Б.К. ооруканадан эсине келе албай каза болушкан. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматы билдирет. Айтылгандай, аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө өрттөн жабыр тарткан 38 жаштагы Б.Р., 28 жаштагы А.А. күйгөн денеси менен кайрылган, алардын абалы оор. Учурда окуя тууралуу тергөө амалдары жүрүп жатат.