Google Earth тейлөөсүндө дүйнө жүзүнө 3D-экскурсия жасоо мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул тууралуу Google компаниясы чет элдик маалымат каражаттарына берген маегинде билдирди.
Маалыматка караганда, аталган тейлөөнүн жаңы версиясы Android смартфондорунда жана Chrome браузеринде жеткиликтүү. Компаниянын адистери дүйнө жүзүнө виртуалдык экскурсияга чыгууга мүмкүнчүлүк түзгөн 3D-карталарды эки жылдын ичинде иштеп чыккан.
3D-экскурсияларды иштеп чыгууга окумуштуулар, тарыхчылар, изилдөөчүлөр дагы катышкан. Компаниянын маалыматына караганда, Google Earth кызматынын "Voyager" деп аталган бөлүмүндө 50 тур бар. Алардын катарында Чыгыш Африкадагы Танзания мамлекетинин Гобе улуттук паркына экскурсия бар. Белгилей кетсек, ал жерде сүт эмүүчү жаныбарлардын түрлөрү жана ал боюнча эксперт бар.
Мындан сырткары виртуалдык туристтер BBC Earth телеканалы даярдаган түрдүү жаныбарлар жөнүндөгү видео саякаттарга күбө болот. Ал эми кичинекей колдонуучуларга атайын "Сезам көчөсү" ("Улица Сезам") телевизиондук программасынын каарманынын катышуусундагы Мексикага саякат орун алган.
Ошондой эле жаңыланган Google Earth сервиси аркылуу колдонуучу дүйнө жүзүндөгү географиялык, архитектуралык жайларды көрүп, алар жөнүндө маалымат да алат. Жаңы версия Chrome браузеринде жакынкы 5 күндүн ичинде пайда болот. Ал эми Android телефондорунун колдонуучулары аны азыр эле Google Play дүкөнүнөн көчүрүп алып, 3D-турду баштаса болот. Жаңыртылган Google Earth алдыда iOS телефондорунда жана башка браузерлерде дагы жеткиликтүү болору айтылууда.