Баткен жергесинде аталган облустун символу болгон айгүл гүлү гүл ачты. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жаздын кеч келгенине байланыштуу быйыл кечирээк гүлдөдү.
"Негизи айгүл гүлү өрүк менен бирдей гүлдөйт. Бул жылы өткөн жылга салыштырмалуу 5 күн кеч гүл ачты. Былтыр аны көрүүгө көп эл келген, быйыл да келип жатышат. Учурда гүл өскөн Айгүл-Таш тоосу коргоого алынган. Ал жерде мектеп окуучулары менен мугалимдер карашат", - дейт Баткен облусунун Кара-Булак айылынын тургуну Манас Сайдакпар уулу.
Белгилей кетсек, гүлдүн илимий аты - эдуард чаар гүлү, жыл мезгилинин апрель айында 10-15 күнгө гана гүл ачып турат. Бийиктиги 30 сантиметрден 2 метрге чейин жетип, гүл өскөн аймак 5-6 гектар аянтты ээлейт. Бирок бул гүлдүн башка гүлдөрдөгүдөй жыпар жыты жок.