Башкы прокуратура: "Президенттин мурдагы администрация башчысына тиешелүү иштин жоголгону боюнча кылмыш иши козголду"

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук прокуратурасы Президенттин мурдагы администрация башчысы Тойчубек Касымовго тиешелүү иштин жоголгону боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 304 (кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 316 (шалаакылык) беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2004-жылдын март айында, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрация башчысы Касымов, тууганы С.Мга 0,6 гектар жер тилкесин бөлүп берүү боюнча Бишкек шаарынын мэрине тапшырма берген. Мындан улам Токтогул жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жалпы колдонуудагы жер мыйзамсыз берилип, 6 кабаттуу имарат курулган.

2007-жылдын 15-мартында аталган факт боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө Тойчубек Касымовго сыртынан айыбы угузулуп, издөөгө алынган. Шектүүнүн жүргөн жери аныкталбагандыктан тергөө иштери токтотулган.

2017-жылдын март айында Биринчи Май райондук прокуратурасы аталган жер тилкенин мыйзамдуулугун текшерүү үчүн Биринчи Май РИИБинен кылмыш ишти сураган. Бирок архивден табылган эмес.

Азыркы тапта иштин жоголгону боюнча козголгон кылмыш иши экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KGstan1981
2017-04-19 10:37:16
Эмне учун Тайырбек Сарпашевке кылмыш иш козголсо дагын камалыш нары турсун даже иштен кетпей иштеп жрот экен.демек бул жон эле коз боемочулук экен да.Дагын бир ХХХ тектуу КСДПнын депутатына кылмыш иш козголду дейт ал дагын эркиндикте журот.Ал эми Текебаевти жана Жапаровту террористи кармагандай сот окуму чыга элек эле камап салышты.Мына буну накта кош стандарт(двойной стандарт) деп коет.
+4
Malik92
2017-04-19 10:53:45
Аллах кечирсин сидерди. Буларга сөзүңөрдү кор кылбай эле койгула.
+3
guliza8990
2017-04-19 10:59:36
KGstan1981 сиздин айтканынызга толук кошулам. Катачылыктар оркоюп корунуп турат "шибегени капка ката албагандай эле". Азыркы заманда "айткандын созу жаман", "ыйлагандын козу жаман" болуп калбадыбы. Бирдеме дединби балээге калдын дей бер.
+3
Asedullah1996
2017-04-19 13:14:45
Акыр заман келээрде хан элине кас болот,Кокуйлашып адамдар айткандары калп болот,Чындыктарды угушпай адам адамга кас болот,Байлык бийлик талашып кан устундо Хан болот
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан