Жакында Инстаграмда сактап койгон посттордон коллекция жасоо функциясы пайда болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, сактап койгон постту коллекцияга кошуу үчүн аны кол менен басып, бир нече секунд кармап туруу керек. Белгилей кетчү нерсе, коллекциядагы сүрөт же башка жарыяларды колдонуучу өзү гана көрө алат.
Инстаграмдын өкүлдөрү: "Инстаграмдагы жарыяларды сактап коюу мүмкүнчүлүгүн өткөн жылдын декабрь айында киргизгенбиз. Бүгүнкү күндө колдонуучулардын 46 пайызы ал функциядан жок дегенде бир жолу пайдаланып көргөн. Ал эми коллекциялар сиз сактап койгон постторду иретке салат", - деп билдиришкен.
Ошондой эле жаңы функциянын иш-чараларды өткөрүүгө дагы жардамы тиет. "Эгер сиз үлпөт тоюна даярданып жатсаңыз, торттун сүрөттөрүн өзүнчө, гүлдөрдү өзүнчө бир категорияга бөлүп сактап койсоңуз болот", - деген сервистин басма сөз катчысы.
Жаңы мүмкүнчүлүк Инстаграм колдонуучулары үчүн тиркеме 10.16 версиясына чейин жаңыланганда, App Store жана Google Play интернет дүкөндөрүндө жеткиликтүү болот.