7-майда Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылында белгилүү спорт чебери, грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпиону Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өттү. Ага Кыргызстан, Тажикстан, Казакстандын атынан 620дай грек-рим күрөшчүлөрү катышканын Жалал-Абад ОИИБи кабарлады. Мелдешке ошондой эле Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов, Жогорку Кеңештин депутаттары Төрөбай Зулпукаров, Малик Осмонов, Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, Жалал-Абад ОИИБинин башчысы Малик Нурдинов да күбө болду. Курсан Асанов бул иш-чаранын негизги максаты- келечек муундардын дени сак болуусуна, ар кандай терс көрүнүштөрдөн, кылмыштуулуктан алыс болуусуна үгүттөө экендигин билдирди. Жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай жана баалуу сыйлыктар таршырылды.