Японияда сатуучусу жок дүкөндөрдү ачуу пландалууда

Японияда 2025-жылга чейин толук түрдө сатуучусу жок, автоматтык түрдө иштеген дүкөндөрдү ачуу системин ишке киргизүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мындай жаӊычылдыкта ар бир товардын штрих-кодун эсептөөнүн зарылдыгы жок болот. Анын ордуна алуучунун кутучасына азык-түлүктөрдүн маалыматын алууга орнотулган атайын чиптер баарын эсептеп турат.

Дүкөндөрдө мындай системди киргизүү 46 миллион долларды түзөрү айтылууда.

Белгилей кетсек, ушул жылдын март айында Шанхайда сатуучусу жана кассасы жок "Wheelys 24/7" аталышындагы дүкөн ачылганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Das151193
2017-04-19 14:28:12
роботтор адамдардын жумушун алат турбайбы.... бул да болсо глобальный проблемалардын бири дуйнодо
0
Nazikbaigazy
2017-04-19 18:15:00
Эн начар, адамдар жумушсуз калышат
0
bolotbeck1983
2017-04-20 02:49:16
Компютердик система баары бир адам ордун жүз пайызга алмаштыра албайт. Себеби, ошол эле эч бир сатуучусу жана кызматкерлери жок дүкөндүн ары жагында эле жашыруун бир бөлмөдө жоон топ адистер көзөмөлдөп кызмат кылып отурушат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан