Кырсыкка учураган учактын үчүнчү учкучунун сөөгүн издөө иштери улантылууда

3-майда Чүй облусундагы Панфилов районуна кулап түшкөн АКШнын КС-135 учагынын үчүнчү учкучунун сөөгүн жана "кара кутучаны" издөө улантылууда. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бүгүн 8-майда саат 7:55те ӨКМнын 20 куткаруучусу издөө ишине киришти. 

Эске сала кетсек, АКШнын КС-135 май ташуучу учагы 3-майда Чүй облусунун Панфилов районундагы Чорголу жана Чолок-Арык айылдарынын ортосундагы тоого кулаган. Учак “Манас” аэропортунан 60 тонна күйүүчү майды  Ооганстанга ташып бара жаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан