Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков 18-апрелде бизнес-ассоциациялары жана ишкердик коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушууда катышуучуларга улуттук "Таза коом" долбоору тууралуу маалымат берилди.
Сапар Исаков бул долбоорду ишке киргизүүдө мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин саясий эрки бар экенин белгиледи. Ошондой эле ишкердик коомчулуктун өкүлдөрүнө бүт өлкө сыймыктана турган долбоорду колдоп, ишке ашырууга салым кошууга чакырды.
"Урматтуу ишкерлер, силерсиз "Таза коом" долбоорунун келечеги жок. Башка мамлекеттер сыяктуу эле анын негизги кыймылдаткычы болуп ишкердик саналат. Бизге силерде бар болгон билим жана тажрыйба керек. Дал ушундай долбоор өлкөбүздү алдыга жылдыра алат", - деди Исаков.
Мындан сырткары аппарат башчысы коррупция менен күрөшүү аракетинен 5 жыл аралыгында бюджеттин киреше бөлүгү 2,5-3 эсеге өскөнүн кошумчалады. Ошону менен бирге Кыргызда коррупцияны алдын ала турган системди түзүү зарыл экенин айтты.
"Биз жарандарыбыз тиги же бул маалымдаманы алыш үчүн, документтерди ырасташ үчүн убактысы менен нервин коротпой, мамлекеттик кызматтарды оӊой алгыдай шарттарды түзүүгө тийишпиз", - деди Сапар Исаков.
Анын айтымында, жакын арада "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу боюнча Кеңеш түзүлүп, ага мамлекеттик органдардын, бизнестин, жарандык сектордун өкүлдөрү кирет.
Андан кийин Президенттик Аппараттын башчысы жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.
Маалымат иретинде.
"Таза коом" долбоорун Кыргыз Республикасынын Президенти демилгелеп, жарандык коом, мамлекеттик түзүмдөр жана бизнес өкүлдөрүнүн күчү менен ишке ашырылууда. "Таза коом" - жарандарына кызмат кылган, сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берген жана бизнеске жакшы шарт түзгөн мамлекетти куруу боюнча жалпы улуттук жогорку технологиялык долбоор. Бул долбоорду ишке ашыруу менен мамлекеттик башкаруунун ачыктыгына жетишип, коррупцияны алдын алууну күчөтүү мүмкүн. Долбоор жарандардын социалдык-укуктук чөйрөсүн камтып, алардын жашоо сапатын жана коопсуздугун арттырат.