№27-абактын кызматкери маңзат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, №27-абактын кызматкери А.А. абактын ичине маңзат (гашиш) алып кирүүгө аракет кылган. Аны байкап калган Күзөт жана кайтаруу департаментинин күзөтчүсү тергөө-тобун чакырган. Кароо жүргүзгөн учурда абак кызматкеринин жанынан 114,45 грамм гашиш табылган.
Азыркы тапта ага кылмыш иши козголуп, Бишкектеги №1-СИЗОго камалды.