Садык Шер-Нияз: "Депутат 6 күн жумушка келбей айлыгы жок калса, кайсы акчасына үй-бүлөсүн багат"

Бүгүн, 19-апрелде парламентте "Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланды. Ага ылайык, эгер депутат 3 жолу жыйынга катышпаса, айлык маянасынын 50 пайызы кесилмекчи.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Садык Шер-Нияз мындай өзгөртүүгө макул эместигин билдирди. "Депутат 6 күн жумушка келбей калып айлыгынын баарысы кесилсе, кайсы акчасы менен үй-бүлөсүн багат? Буржуазиялык капитализмде дагы мынчалык айып пул салынган эмес. Депутат 6 күн жумушка келбей койсо бала-чакасын эмне менен багат? Эми лидерден уруксат сурайбызбы? Лидерлерге бийлик жетишпей жатабы? Фракциядан чыккан депутат кимден уруксат сурайт? Менин маданият тармагында 16 миңге жакын таанышым бар. Алар менен мезгил-мезгили менен жолугуп турам", - деди Шер-Нияз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан