Жалал-Абад. Тургундарга шаардагы бардык мекемелердин даректери жана телефон номерлери жазылган китепчелер таркатылууда

Жалал-Абад шаарынын жашоочуларына шаардагы бардык мекеме, ишканалардын даректери жана телефон номерлери жазылган китепчелер (сүрөттө) таркатылууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Мындай китепче акыркы жолу 1985-жылы чыгарылып, андан бери мындай иштер аткарыла электигин билдирет мэрия.  
 
"Бул китепчелер ЮСАИД уюмунун колдоосу менен басылып чыкты. Ар бир шаар тургуну андагы мекемелердин байланыш номерлерин карап, керектүү кызматтарга чалууга мүмкүнчүлүк алды. Бул саамалык эл менен бийликти байланыштырып, жакындатууга көмөгүн көрсөтөт деген ойдомун. Эгерде бир муктаждык болуп калса кимге кайрылам, кайсы номерге чалам деп отурбай, дароо ал китепчени карап керектүү даректерине чала алышат",- дейт мэриянын өкүлү Салыжан Умаров.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан