Орусиялык актриса Оксана Акиньшина 30 жашка чыкты. Ал 1987-жылы 19-апрелде Ленинградда төрөлгөн. Актриса алгач моделдик ишти аркалап жүрүп, 13 жашында Сергей Бодров-кичүүсүнүн "Эже-сиңдилер" ("Сёстры") тасмасына тартылып калган. Ал эми эл аралык атакка швед режиссёру Лукас Мудиссондун "Лиля түбөлүк" ("Лиля навсегда") тасмасы аркылуу жеткен. Андан соң "Капитандын балдары" ("Капитанские дети"), "Бороон" ("Метель"), "Рахмат бар экениңе, Высоцкий" ("Высоцкий, спасибо что живой") жана башка тасмаларга тартылган.
Жеке жашоосу
Оксана Акиньшина 15 жашында рок музыкант Сергей Шнуров экөөнүн ортосунда сүйүү оту жанып, көп өтпөй сүйүшкөндөр чогуу жашап калат. 5 жыл өткөн соң алардын мамилеси токтогон. Бул окуядан кийин актриса депрессияга кабылып, 20 килограммга толуп кеткен деп айтышат.
2008-жылы ал телекомпаниялардын биринин директору Дмитрий Литвинов менен таанышып, 2 айдан соң ага турмушка чыккан. Филипп аттуу уулдуу болуп, 2010-жылы ажырашып кеткен. 2011-жылы кинопродюсер Арчил Геловани менен таанышып, жарандык никеде жашай баштаган. Түгөйлөр 2013-жылы Константин деген уулдуу болушкан. Ал эми 2017-жылдын январь айында Оксана Акиньшина кыздуу болгонун Инстаграмдагы баракчасы аркылуу билдирген.
19-апрелге карата жылнаама.