АКШнын Техас штатында жарым суткадан ашуун кээ биринде кызыгуу, башкалардын кыжырын келтирген реалити-шоу уланууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 19-апрелде жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, жергиликтүү автосалон унаа менен көп убакытка чейин өбүшүү сынагын жарыялаган. Кореялык өндүрүштөн чыккан унаа жеӊүүчүгө белекке берилет. Анын баасы 23 миӊ доллардын тегерегинде экени айтылат.
Жарыш социалдык тармактардын бири аркылуу түз эфирден көрсөтүлүүдө. Эрежеге ылайык, анда катышуучу 50 саатка чейин кармалып туруусу керек. Финалга дагы бир нече саат калган. Катышуучулардын жарымы сынактан чыгышкан.
Кээ бир колдонуучулар сынактын эрежесин адам чыдагыс деп атай башташкан. Бирок анда катышуучуларга ар бир саат сайын 10 мүнөттөн тыныгуу берилет, бул убакытта тамактанып алууга болот.