"Кумтөр" кенине барчу жолду оппозиция өкүлдөрү тоссо, жергиликтүү тургундар аларды кууп чыгарын айтышууда
“Барскоондогу “Кумтөр” кенине
карай кеткен жолду оппозициядагылар тособуз деп ойлобой эле коюшсун”. Мындай
билдирүүнү бүгүн, 8-майда маалымат жыйынында "Жети-Өгүз" жаштар коомунун өкүлү Дастан Иманкожоев билдирди. Анын айтымында, оппозиция ал
жерде митинг өткөрбөй эле койгону дурус. “Барскоонго келип жол тособуз деп эч
ким аракет кылбай эле койсун, баары бир айылдагылар аларды кууп чыгышат”,- деди
ал. Эске сала
кетсек, Азимбек Бекназаров жетектеген “Эл үнү” кыймылынын
мүчөлөрү 13-майда
“Кумтөр” кенине
карай кетчү жолду тосушарын билдиришкен.