Президенттик шайлоо боюнча "Ата Мекендин" чечими БШКга түштү

Президенттик шайлоону 2017-жылдын 27-августуна дайындоо жөнүндө "Ата Мекендин" чечими Борбордук шайлоо комиссиясына түштү. Маалыматты 20-апрелде SUPER.KGге БШКдан тастыкташты.

"Ата Мекендин" юристи Канатбек Азиз фракциянын чечиминин көчүрмөсүн алып келди. Биз чечимдин түп нускасын алып келүүнү айттык, күтүп жатабыз. Азырынча маселени БШКнын жыйынынын күн тартибине киргизүү боюнча сунуш түшө элек. БШКнын төрайымы же мүчөлөрү күн тартибине киргизүүнү сунуштаса отурумда каралышы мүмкүн", - деп билдиришти БШКдан.

"Ата Мекендин" чечими БШКнын жыйынында каралышы мүмкүн экенин буга чейин комиссия мүчөсү Гүлнара Журубаева билдирген эле.

"Ата Мекен" президенттик шайлоону 2017-жылдын 27-августуна дайындоону сунуштоодо. Эгерде шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтсө, жаӊы президент 1-декабрга чейин кызматка киришүүгө үлгүрбөйт, мындай жагдайда азыркы президенттин кызматтык мөөнөтү мыйзамсыз узартылат деп жатышат "ата мекенчилер". Фракциянын чечими буга чейин Жогорку Кеӊештин спикерине жиберилген эле.

БШК президентти шайлоо боюнча Конституциялык мыйзамга таянып, шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтүшү керектигин билдирүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 1-декабрында кызматына киришкен. Конституцияга ылайык, 2017-жылдын 1-декабрында анын мыйзамдуу мөөнөтү толук бүтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан