Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыковдун "Любимая моя" ырынын клибине эмне үчүн сюжети жок, трек клип тартылганы жөнүндө ырчынын продюсери Канат Култаев SUPER.KG`ге буларды билдирди:
"Клипти режиссёр Александр Белов тартты, идеясы да ага таандык. Жөнөкөйлүктү жакшы көргөндүктөн сюжети жок, трек клип тартууну чечтик. Негизи бардык клиптерге сюжет кошо берген да болбойт. Толук чыгыш стилинде да эмес, андай стилге басым жасаган жокпуз. Болгону заманбап, жөнөкөй клип деп атоого болот", - дейт Канат Култаев.
Гүлжигит Калыковдун "Любимая моя" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.