1-майдан тарта Бишкектеги бардык оргума (фонтан) комплекстери иштеп баштады. Борбор калаага көрк кошуу менен бирге шаардыктардын көңүлдүү эс алуусуна өбөлгө түзгөн мындай оргумалар шаарда бир нече. Күндүн ысышы менен алардын жанында эс алуучулардын саны күн сайын көбөйүүдө. Айта кетсек, Бишкекте жалпы 32 оргума комплекси бар, анын 17си “Бишкексууканал” ишканасына тиешелүү.