Аксы райондук администрациясы "Үркүн" тасмасына билеттерди окуучуларга милдеттүү түрдө саткыла деген тапшырма берген эместигин бүгүн, 20-апрелде райондук администрациянын аппарат жетекчиси Нуртаза Мамбетов SUPER.KG порталына билдирди.
Буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына окурмандар тарабынан райондогу Арстаналы Осмонбеков мектебиндеги окуучуларга "Үркүн" тасмасына билеттер мажбурланып сатылып жатканы тууралуу билдирүү келген.
"Өкмөт алдындагы "Тарых жана маданият жылын өткөрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынан" бизге тапшырма келген. Анда окуучулардын ой-өрүмүн өстүрүүгө, мекенге, жашоого болгон көз карашын калыптандырууга таасири тиет деген себеп менен "Үркүн" тасмасын жер-жерлерде көрсөтүүгө көмөк көрсөтүү айтылган. Биздин администрация мектеп мугалимдерине ата-энелер жана окуучулар тасманы көрүп, ал тууралуу талкуу жүргүзүү тапшырмасын бергенбиз. Бирок билеттин баасын койгон эмеспиз. Мындан тышкары ар бир окуучу милдеттүү түрдө билетти алсын деген сөз болгон эмес", - дейт аппарат жетекчи.
Ал белгилегендей, көпчүлүк айылдарда мектеп социалдык жана маданий объекттердин кызматын аткарат. Тактап айтканда, айылдарда маданият үйлөрү жок болгондуктан кино, концерт, маданий иш-чаралар мектептерде өтөт.
"Албетте, билеттер акысыз эмес болчу. Билетти ким бекер бермек эле. Бирок мажбурлап сатылсын деген кеп болгон эмес", - деп кошумчалады Мамбетов.
Райондук билим берүү башкармалыгынын адиси Нурила Тилекматова мындай тапшырмалар көп келерин, жана абалды иреттөө зарыл экенин белгиледи.
"Министрликтен, Өкмөттөн тиги же бул тасманы көрсөтүүгө колдоо көрсөтүү тууралуу тапшырмалар райондук администрацияга келет. Райондук администрация бөлүмдөрүнө жолдойт. Ошонун катарында бизге да өткөн жылдын октябрь айында "Үркүн" тасмасын көрсөтүүгө көмөктөшүү боюнча тапшырма болгон. Мындай учурлар көп эле болот, биз тапшырманы аткаруу үчүн билим берүү мекемелерине кайрылабыз. Бирок, албетте, мажбурлап көрсөткүлө дебейбиз. Мен Осмонбеков атындагы мектептин директору менен байланышсам, эч кандай мажбурлап сатуу болбогонун билдирди. Кинону коюп жүргөндөр тарабынан да эч кандай кыйноолор болбоптур. Бул абалды жөнгө салбасак, фильмди койгон топ райондон уруксат берди, мынча билет саткыла деп мектеп жамаатына айтышы мүмкүн да", - деди Тилекматова.