Бүгүн, 20-апрелде парламентте "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов: "Кыргыздын оор жүк ташуучу унааларынын айдоочулары Кытайга кирип чыгууда кыйынчылыктар болуп жатканын айтты", - деп билдирди.
"Мага айдоочулар кайрылып, виза берүүдө түшүнүксүз жолдорду киргизип койгонун айтып жатышат. Соодагерлерде ашыкча чыгым болууда. Ошондуктан эки өлкөнүн жетекчилери бул боюнча иш алып барышы керек. Ал эми Кытайдын жүк ташуучулары кенен, эркин кирип жатышат", - деди ал.
Ошондой эле депутат Көк-Арт дарыясында суунун көлөмү күн жылыган сайын көтөрүлүп жатканын айтты. Анын айтымында, айдоо жерлерине, турак жайларга коркунуч жаралып жатат. Ал өкмөткө бул боюнча чара көрүүнү тапшырды.