7-майда Мексиканын Экатепек шаарында күйүүчү май ташуучу унаа жарылып, анын кесепетинен 23 киши каза болду. Мындан сырткары 30дан ашуун адам жаракат алды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн маалымат булактары жарыялашты. Май ташуучу унаа жолдо бара жатып жарылгандыктан, жанындагы башка унаалардын көпчүлүгү кырсыкка учураган. Маалыматка ылайык, каза болгондордун ичинде 10 жаш бала бар. Кырсыктын келип чыгуу себептери учурда такталууда.