ЭЛДИК КАБАР: "Түндө короодогу 6 кой, 3 козуну иттер кекиртектен тиштеп өлтүрүшүптүр" дейт окурман

Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургуну малына иттер кол салганын бүгүн, 20-апрелде SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Корообузга түндө иттер кирип 6 кой, 3 козуну кекиртектен тиштеп өлтүрүп, ары-бери сүйрөшүптүр, бирок жешпептир. Кызыгы, бизге эч нерсе угулган эмес. Биздин үй айылдын так ортосунда жайгашкан, карышкыр болсо, биздин короого чейин келмек эмес. Буга чейин дагы декабрь айында так эле ушундай көрүнүш болгон. Анда 12 коюм, 8 козум өлгөн. Кайталап, меникине кол салганы да таң калычтуу болууда", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
almanbetperm
2017-04-20 13:19:45
Зекет чыгарыш керек тырышпай
+6
Alibay
2017-04-20 13:24:42
Укмуш кабар го,ото ото актуалдуу.)))Тобо кылдым,мындай нерсе айылдарда тынбай эле болот го.
-2
Lion.
2017-04-20 13:47:14
Alibay, оа. Укмуш кабар экен
+1
KUDASH_brat
2017-04-20 13:25:41
Чупакобра эмеспи ;)
-2
RusMos76
2017-04-20 13:42:20
бир нерсе бар го айбан сымал декабрда дагы келген болсо адашпай 5 айдан кийин сенин корооно, ит же карышкыр болсо ачкалыктан бироосун хотя бы курсактан жармак
+2
Kanat8427
2017-04-20 13:42:33
эки буттуу очошкон иттер эмесби иши кылып
+4
Damir.Turgunbaev
2017-04-20 13:45:48
Ит эмес башка эле нерсе
+2
din_tomas
2017-04-20 13:51:32
Иттерди өчөштүрүп албадыңыз беле? Жаныбарларда да кек, өч алуу деген сезимдер бар
0
kamchatka
2017-04-20 18:51:11
Текебаев же Жапаров болушу мункун буну азыркы бийлик изилдеш керек!
0
Salman.eldar
2017-04-21 14:14:41
эми ушул койлорду жесе боло береби? тиякта суротто союп жатышатго? тундон бери турду
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан