8-майда Жогорку Кеңештин депутаты Абдырахман Маматалиев журналисттер үчүн маалымат жыйын өткөрүп жатат. Анда “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамдын талаптары, оң рулдуу автоунаалар менен коммерциялык максатта жүргүнчүлөрдү ташууга тыюу салуу маселеси боюнча суроо-жооп уланууда.
"Жакында Жогорку Кеңеште оң рулдуу унаалардын коммерциялык максатта жүргүнчү ташуусуна тыюу салган мыйзам 3 окууда кабыл алынды. Мыйзамда бардык нормативдик талаптар сакталды. Болгон сунуштардын баарын эске алып иштеп чыктык. Учурда бул мыйзам президенттин кароосуна жөнөтүлдү. Оң рулдуу унааларга мындай чек койгонубуздун себеби, учурда жол кырсыктарынын көпчүлүгү ушундай унаалардан катышуусунда болууда. Бишкек шаарында 25 миңдей таксист бар. Биз алар менен дагы тыгыз иштешүүнү көздөп жатабыз",- дейт Маматалиев.