ИИМдин алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сөөлөт Бегалиев оң рулдуу унаалар катышкан жол кырсыгы көп катталып жатканын бүгүн, 8-майда Жогорку Кеңеште өткөн маалымат жыйында айтты.
“Бул маселе 2008-жылы да көтөрүлгөн. Ал учурда оң рулдуу унаалар катышкан кырсык 8 пайызды түзчү, ал эми 2012- жылы 18,2 пайызга жетти. Бүгүнкү күндө ар бир төртүнчү кырсыкка оң рулдуу унаалар кабылууда”,- деди Бегалиев.
Айта кетсек, оң рулдуу унаалар менен жүргүнчү ташууга тыюу салган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири ЖКнын депутаты Абдырахман Маматалиев буларды айтты:
“Бүгүнкү күндө оң рулдуу унаалар менен коммерциялык максатта жүргүнчү ташууга биз гана эмес, коңшу өлкөлөр да тыюу салышууда. Бизде болсо кийинки жылдан баштап тыюу салынат”.