Фейсбук корпорациясы компьютерди адамдын ою менен башкара турган системди иштеп чыгууну көздөөдө

Фейсбук корпорациясы компьютерди адамдын ою менен башкара турган системди жасоонун үстүндө иштөөдө. Мындай маалыматты аталган компаниянын Building 8 бөлүмүнүн башчысы Регина Дуган кечээ, 19-апрелде АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Хосе шаарында өткөн F8 өнөр жай конференциясында билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Ойлоруңуздун түздөн-түз компьютерге түшүп жатканын элестетиңиз. Мындай нерсе мүмкүн эместей көрүнүшү ыктымал. Бирок бул жаңылык сиз ойлогондон дагы эрте ишке ашуусу толук мүмкүн", - деген Регина Дуган. Анын айтымында, компания адамдын оюнун күчү менен, "чычканды" колдонбостон мүнөтүнө 100 сөздү компьютерге түшүрүүчү системди иштеп чыгууну көздөп жатат. Жаңы системдин жардамы менен адам өзү каалаган гана ойлорун түшүрө алат. Аны ишке ашыруу үчүн адам мээсиндеги тил борборлорунун активдүүлүгүнө көз салган атайын маалымат берүүчүлөр (датчик) колдонулары айтылды.

Ошондой эле Регина Дуган корпорация дүлөй адамдардын үндөрдү кабыл алуусуна шарт түзгөн технологияны дагы жасоону пландап жатканын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Genar.benicio
2017-04-20 17:05:56
Абдан жакшы! Кантсе да Европа !
0
Sardarakam
2017-04-20 20:39:46
Ишенбеим мындай болбосо керек пргррама кантип адамдын оюн билип алат экен. Булар эрте чыгып алыптыр дагын 100 жыл даярдашыңар керек анан ошондо ишенебиз.
0
nur_zhoni
2017-04-26 00:15:11
Sardarakam, ишен жээн
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан