СУПЕРСТАН: "Мурунку сүйгөнүмдү өзүм турмушка чыксам да, кызганам"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Сүйгөнүңүздүн сизден кийинки жашоосу кызыктырабы?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Алгачкы сүйлөшкөн кызым дале эсимде сакталуу. Арадан 3 жыл өтсө да эмнегедир жашоосу мени кээде ойлондурат. Ал азыр бир үй-бүлөнүн келинчеги. Учурунда "турмушка чыгып жатам" деп айткан. Мен жөн гана бактылуу бол деп тим болгом. Жакында социалдык тармактан сүрөттөрүн көрдүм, уулду болуптур, бирок кирбегенине 1 жылдан ашыптыр. Ал кайсы жерде болбосун бактылуу болушун каалайм".

"Мындан 2-3 жыл мурун жашоосу кызыктырчу, "кандай жашоодо жашап жатат экен, мени эстейби?" дечүмүн. Азыр кызыкпайм, себеби азыр ал инсан жолдошум, кызымдын атасы".

"Кызыкпайм, кызыгы жок, көңүлүмдү ооруткан үчүн ойлогум да келбейт. Бирок экөөбүз он сегиз жыл бирге жашадык. Жанагы "Кудайым айтса, кубарыңдын акысы барбы" дегендей экен да".

"Мен го эч кызыккан жокмун, бирок жолдошумдун мектепте сүйлөшүп жүргөн кызынан эч кутула албай жатам".

"Ар бир адамды кызыктырса керек. Кайда гана болбосун ден соолукта болуп, оорубай жер бетинде аман-эсен жүрсө эле болду. Чын жүрөктөн кааларым ушул гана..."

"Бир жигит менен 1 айдай сүйлөшкөм, катуу сүйүп калган экен. Өткөндө сүйлөшүп калып баарын айтып берди, көрсө, арадан 3 жыл өтсө дагы жашоомо кызыгып, сураштырып, ойлонуп жүргөн экен".

"Кызыгам, бат-баттан социалдык тармактагы баракчасына мейман болуп турам. Жүрөк кургур унутпады го... Уюлдук телефонунун номерин да дале унутпаптырмын, ушунча жыл өтсө дагы ал да өзгөртпөптүр".

"Мурунку жигитим сиңдимден, курбуларымдан "кандай жүрөт" деп сурап турат экен. Мен жакшы көргөн конфеттин фантигинин сүрөтүн whatsapp'ка коюп алып, кээде ыйлап чалат экен. Ансайын аны ойлоп жүрөгүм ооруйт. Мендей ата-энесинин сөзүнөн чыга албаган, эрксиз кыздан Кудай сактасын деп тилек кылам. Бирок өзүм күйөөгө тийгеним менен ишим жок аны кызганып алам. Анын менден кийинки жашоосуна аябай кызыгам".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
barakcha
2017-04-21 08:46:15
Мурунку суйгонум менен бирге болбой калганыма Кудайга мин мертебе ыраазымын.Анткени,азыр мен бактылуумун!Ал болсо 5 баласын бага албай мурдунун суусу агып журот.Жеткен кызыл камчы,байкуш аялына кун корсотпогон начар адам болуптур.
-2
rios.07
2017-04-21 09:12:50
мен суйгонум менен 3 жыл суйлошуп турмуш кургам! азыр 1 уул 1 кызымдын апасы.5 был болду дале болсо бири бирибизди аябай суйобуз! Нужан сени чексиз омурумдун акыркы секундасына чейин суйом!сенсиз жашоо жок гулум.
0
cholpon119966
2017-04-21 11:46:31
Мен да 2жыл суйлошуп журдум, сойко салып койуп борборго кетти кетип жатканда таарыныша кеткенбиз ошондон кийин мамилени нукка салууга аракет кылдым бирок майнап чыкпады майдачыл болуп туруп алды 2 ай кыйналып журдум анан ала качып кетип башкага турмушка чыгып кеттим. Кошогодо олтурсам эжеси чалып аябай ыйлады, озуно озу кылды дедим. Ал азыр мени жек корсо керек деп ойлойм. Ал ото ыймандуу болчу кантсе да жашоого чыйралып тынданып кийинки жолуккан адамынын кадырына жетип бактылуу жашоосун каалайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан