Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында дайынсыз жоголгон 6 жашар Бекзат Жанапиловду табуу үчүн элдик кошуун уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирди.
"Баланын сөөгүн жоголгон жайга таштап кетиптир" деген сөз жалган. Эл ар нерсени айта берет экен. Шаарда 2 адамдын башы бириккен жерде жоголгон бала жөнүндө сүйлөп жатышат. Кечээ элдик кошуун түзүлгөн. Учурда суу бойлой издөө иштери жүрүп жатат. Дале бир кабары билине элек", - дейт тургун.
Айта кетсек, 16-апрель күнү түшкү саат 13:30-14:00дөр чамасында шаардын Пойма бөлүгүндөгү 20-үйдөн эшикке ойноп чыгып кеткен боюнча жоголгон. Жакындары артынан 15 мүнөттөн кийин издеп чыгып таппай калышкан. Бою 120 сантиметр чамасындагы сары бала. Ошол күнү кызыл, кара сызыктары бар жемпир, кара вельвет шым, кара спорттук бут кийим кийип жүргөн.
Эгерде кимдир бирөө көрүп калса, Бекзатты издеп жаткан ата-энесине байланышуу зарыл. Байланыш телефондор: 0 (772) 15-88-42, 0 (705) 15-88-42, 0 (772) 15-88-40.