Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеӊеш кен-байлыктарды изилдөө ишин жакшыртууга багытталган өкмөттүн “Кыргыз Республикасындагы пайдалуу кендерди иликтөө чөйрөсүндө потенциалды күчөтүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомун жактырды.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдиргендей, кен-байлыктарды изилдөө ишин жакшыртуу үчүн “Борбордук лаборатория” мамлекеттик ишканасынын 49 пайыз үлүшүн алып, аны заманбап жабдуулар менен жабдуу зарыл. Ал ишкананын жабдууларын жаӊыртуу үчүн бюджеттен 62 миллион 800 миӊ сом көлөмүндө каражат талап кылына турганын айтты. Жаңы имарат куруу боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын кошумчалады.
Жыйынтыгында аталган токтомду депутаттар колдоп беришти.