Батырбек Дууланов: "Унаанын сапатын эмес адам өмүрүн ойлосок, оң рулдуу унаалар менен жүргүнчү ташууга тыюу салышыбыз керек"
“Оң рулдуу унаалардын сапаты абдан жакшы. Мисалы, оң рулдуу Хонда
Одиссей унаасы менен сол рулдуу Жигулини салыштырсак, албетте, оң рулдуу
утуп кетет. Бирок жүргүнчү менен айдоочунун өмүрүн ойлоп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн оң рулдуу унаалар менен коммерциялык максатта жүргүнчү ташууга тыюу салуу керек". Бул сөздү бүгүн, 8-майда "Айдоочу" коомдук бирикмесинин жетекчиси Батырбек Дууланов Жогорку Кеңеште өткөн маалымат жыйында айтты. Айта кетсек, бүгүн аталган маселе боюнча ЖКнын депутаты Адырахман Маматалиев журналисттерге маалымат жыйын уюштурду.