Сагынбек Исмаилов Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-апрелде кол койду. Бул тууралуу ЖАКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Бул кызматка чейин ал Ички иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрүндөгү уюшкан кылмыштуулукту жана башка олуттуу кылмыштардын түрүн көзөмөлдөө бюросунун директорунун орун басары болуп иштеп келген.
Мындан сырткары Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча агенттиктин Түштүк башкармалыгынын директорунун орун басары, Нарын ОИИБинин башчысы, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.