"Кыргызстанда оң рулдуу унааларды такси катары пайдаланууга гана тыюу салынат. Ал эми жөнөкөй айдоочуларга эч кандай чектөө жок, мындай унаалар менен өзүнүн жумушун бүтүрүп жүрө берсе болот",- деди ЖКнын депутаты Абдырахман Маматалиев 8-майда журналисттер менен жолугушууда. Депутаттын айтымында, өзгөртүү жана толуктоо кирген "Автомобиль транспорту жөнүндө" мыйзамга президент кол койсо, мындан ары ар бир айдоочунун ден соолугун дарыгерлер текшерип турат. "Биз айдоочу менен жүргүнчүнүн коопсуздугу үчүн бул мыйзамды иштеп чыктык",- деди эл өкүлү.
Ал эми “Айдоочу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Айдарбек Турсуниязов буларга токтолду.
“Бүгүнкү күндө жол кырсыктарынын саны боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алдынкы орундабыз. Жол жүрүү акысын төлөп берген жүргүнчү айдоочунун айынан жол кырсыгына кабылып көзү өтүп кетсе, бул туура эмес".