20-апрелде "Таза коом" долбоорун алдыга жылдыруу максатында Кыргыз Республикасынын Президенттик аппаратынын жетекчиси Сапар Исаков менен Япониянын жер, инфраструктура, транспорт жана туризм вице-министри Такеши Мугишима менен жолугушту. Ага япониялык "Fujitsu Ltd.", "Nippon Signal", "Shimizu Corporation", "Himeji ABC Trading Co. Ltd." жана "Marubeni Corporation" компанияларынын жетекчилери дагы катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Япониянын кызматташтыгындагы жылыштар белгиленди.
Кыргыз тарап инфраструктуралык долбоорлорду, атап айтканда, "Таза коом" долбоорун ишке ашырууга япониялык алдынкы технологияларды тартууга кызыкдар экенин билдирди.
Япон тарап өз компанияларынын мүмкүнчүлүктөрү жана даремети жана аткарылган долбоорлору тууралуу кеӊири маалымат берди. Андан тышкары аталган компаниялардын тажрыйбасы менен технологияларын Кыргыз Республикасында пайдалануу үчүн тыгыз кызматташуу боюнча сунуштар айтылды.
2017-жылы июнда "Таза коомду" өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн Эл аралык конференциясынын алкагында өтө турган инвестициялык көргөзмөгө Япон компанияларынын катышуу маселелери талкууланды.
Белгилүү болгондой, Япониядан келген делегациянын Бишкекке иш сапарынын маалында тийиштүү министрликтерде жана ведомстволордо сүйлөшүүлөр жүрүп, жогорку сапаттагы инфраструктура боюнча кыргыз-япон семинары өттү.
Маалымат иретинде:
"Fujitsu Ltd." компаниясы видеобайкоо жана адамды таануу системалар чөйрөсүндө жаңы иштеп чыгарууларга ээ. Анын камералары күндүн энергиясында үзгүлтүксүз иштөөгө, жаман окуя болгондо маалыматты жана сигналды борбордук ХАБга берүүгө жана талдоого жөндөмдүү.
"Nippon Signal" компаниясы темир жолдор үчүн сигнал системаларын иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана орнотууга, төлөмдөрдү автоматташтырып жыйноого, жол транспорт кыймылын автоматташтырып жыйноого жана талдоого адистешкен.
"Shimizu Corporation" компаниясы пландаштыруу жана курулуш (анын ичине жол айрылыштары), инженердик-техникалык иштер менен алектенет.