"Испаниядагы көчөдө дасторкон жаюу салты катышуучулардын санынын көптүгү боюнча мурунку рекордду артка калтырды. Өлкөнүн түндүк тарабында өтүүчү бул саамалык быйыл 25-жолу уюштурулуп жатат", - деп жазышат бүгүн, 20-апрелде чет элдик маалымат каражаттары.
Маалыматта жазылгандай, массалык түрдө ачык асман алдында түштөнүү 10-апрелде уюштурулуп, 45 мүнөткө созулган. Көчөдө уюштурулган түшкү тамактанууга катышкандардын саны 11 миң 836 кишиге жетти. Уюштуруучулар "Гиннесстин рекорддор китебинин" өкүлдөрүнө кайрылып, рекордду расмий түрдө каттатууну көздөөдө.
Буга чейинки рекорд 9 миң 500 киши катышкан Мексикадагы асман алдында, таза абада уюштурулган тамактануу болгон.