Интернетте 2,5 миӊ долларлык сумканын 1 долларлык сумкага окшошуп калганы кызуу талкууга алынды

"Balenciaga" брендинин баасы 2,5 миң доллар (167 миң 500 сом) турган жаӊы сумкасы интернетте кызуу талкууга алынды. Себеби сумка IKEA фирмасынын керексиз буюмдарды же кир кийимдерди салууга ылайыкташкан, баасы 99 цент турган (болжол менен 66 сом) баштыгына окшошуп калган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдайт.

Маалыматта колдонуучулар бааларында чоң айырма болгон баштыктардан акча табуу мүмкүн экендигин белгилешип, арзан баадагы сумканы "арзандатуусу" менен 1,5 миң долларга сатам деп тамашалап жазышкан. Ал эми кээ бири "Balenciaga" фирмасын аны туурагандыгы үчүн "IKEA" сотко бериши керек деген ойлорун билдиришкен.

Бул боюнча IKEA : "Аталган фирма чыгарган жаңы баштык биздин баасы 99 центке бааланган легендарлуу көк сумкабызга окшошуп калганына сыймыктанып жатабыз. Ал көк баштыктын универсалдуулугу менен эч нерсени салыштырып болбойт", - деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Marianna77
2017-04-20 18:50:08
Туура го дейм 2500 $ дай корунбойт го ага акча деле жалко
+9
aerforce
2017-04-20 18:53:14
Мээси жок обу жоктор алаберет эгер жакшы реклама болсо жолдо жаткан ташты деле бул илгери бир карольдун уфундо жаткан экен десен 100000000го болсода алат кебир жерлерде 2.5мин долларга сумка эмес 2.5тыйындык нан алалбай ачарчылыктан олгон адамдар бар ошол учун бироого зар бироого кор деген ушулда
+21
scorp
2017-04-20 20:30:20
Заман эмне болуп баратат..
+4
Medina87
2017-04-20 23:50:50
Жеке мен, эки фирманын тен сумкасын ойдо-томон бааларына карабай кадимки эле коммерсанттын (клетка) сумкаларындай элестеттим. Албайм го дечи, бирок, фирмалардын конкуренттуулугу кучтуу соз жок.
+2
Mers124
2017-04-20 23:52:58
2500 долларлык сумканын ичинде 2499,1 доллар бардай эле алышат да.
0
daak9191
2017-04-21 02:35:56
Чар сумкага не жетсин айылдан каймагы деле майы деле наны деле эти деле келет чиркин Шаардыктарды этменен бакан чар сумкага данк жана дунк кайра айылга чай сахары майы алмасы бут кетет
+1
rustamov.com
2017-04-21 04:19:50
биздин ен жакшы пакетибиз AYGEN ..арзан ынгайлуу
+5
bonbonita
2017-04-21 10:05:18
rustamov.com,AYGENда азыр начар чыгып калды 2кг нерсе которсон тубу кала берет
0
Mashyrbek
2017-04-21 04:36:52
Мен Ikea да иштем бул сумка жонокой эле сумка 200 рублей турат
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан