Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын жакшыртуунун 2014-2020-жылдарга карата түзүлгөн Улуттук программасынын негизинде пилоттук долбоорго кирген мектептерде жаңы окуу жылынан тартып орус тилдүү мектептерде сабактар кыргыз тилинде өтүлө баштайт. Мындай маалыматты Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, программанын негизги максаты - көп тил билген жаңы муунду түзүү. Аны ишке ашыруунун алкагында министрлик көп тилде билим берүү долбоорун баштаган. Бүгүнкү күндө долбоорду жайылтуунун 4-баскычы жүргүзүлүп жатат. Анда билим берүү мекемелериндеги тилдик даярдыктарды реформалоо иштери жүргүзүлүүдө. Учурда сынактык долбоор ишке киргизилип ага Бишкектеги 11 жана аймактардагы бир катар мектептер кирген.
"Бул мектептерде окуган балдардын ата-энелери чогулушта кеңешип, сынактык долбоорго кирүү үчүн өз ыктыярлары менен арыз жазышты. Долбоордун негизинде ал мектептерде сабактар мамлекеттик тилде жүргүзүлүп турат. Мунун негизинде орус тилдүү мектептерди аяктаган окуучулардын кыргыз тилди билүүсү башталгыч деңгээлден жогору болот", - деп айтылат маалыматта.
Окуунун башталгыч баскычында ачык сабактардын алкагында бардык сабактар кыргыз тилинде болуп, материалдар көбүнчө кайталоо менен өтүлөт.
Маалыматта белгиленгендей, программанын биринчи баскычы 2002-2008-жылдары ар тараптуу, көп тилдүү, максаттуу билим берүүнү камтыган концепция иштелип чыгып, аны ишке ашыруу аракеттери көрүлгөн. 2-этап 2012-2015-жылдарда жүргүзүлсө, 3-этапта сынактык мектептердин саны 56га жетип, мектепке чейинки 5 жана жогорку 2 окуу жайда жаңы программаны ишке ашыруу башталган.