ЖЫЛНААМА, 21-АПРЕЛЬ: 107 жыл мурун сатиралык жана фантастикалык чыгармалары менен атактуулукка жеткен жазуучу Марк Твен көз жумган

Мындан 107 жыл мурун, 1910-жылы 21-апрелде америкалык жазуучу, журналист жана коомдук ишмер Марк Твен көз жумган. Ал 1835-жылы 30-ноябрда АКШнын Флорида штатында жарык дүйнөгө келген. Толук аты-жөнү - Сэмюэл Лэнгхорн Клеменс.

18 жашында өз өлкөсүнүн ичинде саякаттап, Нью-Йорктогу китепканаларда Уильям Теккерей, Чарльз Диккенс, Эдгар По, Уильям Шекспир, Мигель де Сервантес өңдүү жазуучулардын чыгармаларын окуп, алган маалыматтарын конспектке жазган. 1863-жылы биринчи аңгемесин жаратып, анда өзүнүн атын "Mark TWAIN" (кеме сүзүп өтө алчу суунун деңгээлин түшүндүргөн термин) деп жазган. Ошондон улам жазуучу эл арасында бул лакап аты менен белгилүү боло баштаган. Ар кандай кесиптеги адамдар менен жолугушуусу Марк Твенди мыкты жазуучу катары калыптандырган. Ал юмор, сатира, философиялык фантастикага да көп кайрылган. “Том Сойердин укмуштуу окуялары” деген чыгармасы менен атагы чыккан Марк Твен анда балдардын аруу сезими, окуя-саякаттарга ынтызарлыгы, жашоого кумары жана турмушка дилгирлиги тууралуу баяндаган. Ошондой эле жазуучу америкалык саясатчыларды сатира формасында жазып сындаган.

Жазуучунун мындан тышкары "Гекльберри Финндин окуялары", "Алтын кылым", "Миссисипидеги жашоо", "Ханзаада жана кедей" жана "Сырдуу бейтааныш адам" аттуу чыгармалары бар. Алардын көпчүлүгү экрандаштырылган.

21-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан