2012-жылдын 6 айында Кыргызстанга 11 885 оң рулдуу унаа келген

"2008-жылы өлкөдө оң рулдуу унаалар катышкан жол кырсыгы көбөйө баштаганда гана мындай унааларга көзөмөл күчөй баштаган". Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Сөөлөт Бегалиев 8-майда маалымат жыйында айтты. 2009-жылы Кыргызстанга чет өлкөдөн оң рулдуу 7953, сол рулдуу 27924 унаа алынып келинген. Ал эми 2011-жылы 22218 оң рулдуу, 37636 сол рулдуу унаа келсе, 2012-жылдын 6 айында 11885 оң рулдуу, 30586 сол рулдуу унаа келген. Өлкөдө болуп жаткан автокырсыктар жалпы кырсыктардын 20 пайызын түзсө, анын 18,2 пайызына оң рулдуу унаалар катышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан