“Республика – Ата Журт” фракциясы Президентти шайлоо күнү жана Дача-СУ кырсыгын иликтөө боюнча айтылган маалыматтарга тактоо киргизди

Кечээ “Республика – Ата Журт” фракциясы тууралуу маалыматтар жарыяланган. Анда аталган фракция президенттик шайлоо күнү 19-ноябрга чейин өтүүсү керектиги боюнча чечимге келгендиги тууралуу өздүк булактарга таянуу менен айтылган. Ошондой эле Дача-СУ аймагына кулаган Боинг учагындагы жүк тууралуу жеке иликтөө жүргүзүлүп жаткандыгы да сөз болгон.

“Республика – Ата Журт” фракциясы бул маалыматтарды четке какты. Президенттик шайлоо өтүүчү күн боюнча маселе аталган фракцияда каралбагандыгын, аймактарда фракциянын көчмө жыйындарын өткөрүп жүрүшкөндүгүн билдиришти.

Ошондой эле “Манас” аба майданына жакын аймакка кулаган Боинг кырсыгы боюнча аталган фракция тарабынан иликтөө жүргүзүлбөй тургандыгын айтышты. Кырсыктын себептерин иликтөө укук коргоо органдарынын иши экендигин айтышат фракциядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан