Депутат Бактыгул Маматов 7-8-май күндөрү Ош облусунун Өзгөн райунунун Куршаб, Алтын-Булак айылдарын кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрдү. ЖКнын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда таза суу менен камсыз кылуу, мектептерди, жолдорду оңдоо, суу топтоочу курулмаларды куруу маселелери көтөрүлдү. Шайлоочулардын көтөргөн көйгөйлөрүн дыкат уккан депутат алардын чечилишин аткаруу бийлигине тапшырып, алардын ишке ашырылышын көзөмөлгө аларын билдирди. Ал эми 9-майда эл өкүлү Өзгөн районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун 47 ардагерин куттуктап, алар менен бирге улуу майрамдын урматына арналып өткөрүлө турган иш-чараларга катышууну көздөөдө.