Сапат-центрдин имаратын курчоого алуу рейдерлик басып алуу эмес. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Мекемеден түшүндүрүшкөндөй, аталган имарат улутташтырылган. "Учурда имараттын ичинде сот аткаруучулар иштеп жатышат. Милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактап жатышат", - дешти ИИМден.
"Сапат-центрдин имараты Нариман Тулеевге эмес, мамлекетке таандык. Соттун тиешелүү чечими бар", - дешкен Каржы полициясынан.
Айта кетсек, бүгүн, 21-апрелде эртең менен Бишкектин экс-мэри, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нариман Түлеевге таандык делген Сапат-центрдин имараты курчоого алынган.