Чет мамлекеттен Кыргыз жерине келген инвестициялардын суммасы 2016-жылы 2015-жылга салыштырмалуу 58 пайызга азайды. Бул тууралуу 21-апрелде вице-премьер-министр Олег Панкратов парламентте “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында билдирди.
Айтымында, былтыр импорттун көлөмү 3,7 пайызга төмөндөсө, экспорт 5,1 пайызга көбөйдү. 2016-жылы соода-сатык балансынын тартыштыгы 2015-жылга салыштырмалуу 8,6 пайызга кыскарган. Мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 130 миллиард сомду түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу кирешелер 1,8 пайызга өскөн.