Бүгүн, 21-апрелде Билим берүү жана илим министрилигинин маалымат жыйынында "Билим берүү системин бекемдөө" долбоору тууралуу айтылды.
Иш-чарага министр Гүлмира Кудайбердиева, мониторинг боюнча адис Тойгонбай Бакиров жана бул тармактагы эксперттер катышышты. Долбоорго 12 миллион сом бөлүнгөн.
"Долбоорду ишке ашыруу үчүн гранттык 12 миллион сом каражат бөлүнгөн. Ал иш 4 компоненттен турат: стандарттардын, предметтердин стандарттарын жакшыртуу, мектептеги окутуунун сапатын жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу. Долбоорду ратификациялоо үчүн Жогорку Кеңеш 2005-жылдын май айында кол койгон. Сынактык долбоорду ишке ашыруу үчүн өлкөдөгү 30 мектеп кабыл алынган", - дейт Тойгонбай Бакиров.